Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Парламент 24-марттан кийинки жагдай боюнча токтом кабыл алды


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш 18-апрелдеги отурумунда Кыргызстандын саясий-экономикалык абалы боюнча токтом кабыл алды. Анын негизинде өкмөткө саясий-экономикалык жагдайды жөнгө салуунун иш-аракет программасын иштеп чыгуу тапшырылды. Басып алынган жерлерге беш айлык мөөнөткө мораторий жарыялоо сунушу өткөн жок, бирок, жерге тиешелүү бардык аракеттерди мыйзамдаштыруу белгиленди. Айыл чарба иштерин жөнгө салуунун чараларын көрүү, салык чогултуу кызматтарын кайра түзүү боюнча эларалык уюмдардын катышуусунда жумушчу топ түзүү да өкмөткө тапшырылды. Өкмөт токтомдун аткарылышы боюнча парламентке 5-июнда жооп бермей болду. Токтом президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиевдин 15-апрелде парламентке жасаган билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды. Бакиев 24-25-марттагы саясий окуя, ага байланыштуу түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат берген. Талкууда негизги көңүл апрелдин башында Бишкектеги жана Чүйдөгү жер басып алууларга бурулган.

XS
SM
MD
LG