Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Бермет Акаеванын келишин төрагадан көрүп жатышат


БИШКЕК. 18-апрелде жыйырмага чукул адам Жогорку Кеңештин алдына нааразылык билдирип чыгышты. Алар колдоруна «Элин колдобогон Өмүрбек Текебаев, Дооронбек Садырбаев, Жантөрө Сатыбалдиев – силерге парламентте орун жок!», «Аскар Акаевдин куйруктары парламенттен кетсин!» деген өңдүү жазууларды көтөрүп турушту. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин кызматтан кетишин талап кылган чакырыктар 15-апрелде экс-президент Аскар Акаевдин кызы Берметтин Кыргызстанга кайтып келишине байланыштуу өткөн жыйында да айтылган. Дүйшөмбүдө нааразылык билдиргендер Бермет Акаеванын парламентке келишине төрага Текебаевдин салымы бар деп эсептешти. Мындай пикирлерди Текебаев бул күнү жокко чыгарып, атайын күчтөр анын кызматтан кетишине кызыкдар болуп, ушундай чараларды атайылап уюштуруп жатат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG