Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:13

Жапония менен Кытайдын өкүлдөрүнүн бүгүнкү кездешүүсү да натыйжасыз аяктады


Бүгүн Пекинде кытай жетекчилигинин өкүлү менен кайрадан кездешкен жапон тышкы иштер министри Набутака Мачимуранын айтымында, кытай президенти Ху Цзиньтао менен жапон премьери Дзьюнитиро Коидзуми ушул аптанын соңунда Индонезиядагы Азия - Африка саммитинде кездешүүсү мүмкүн. Ал эми Кытайдын тышкы иштер министринин орун басары У Давейдин бүгүн кабарчыларга билдиргенине караганда, 1972-жылы дипломатиялык мамиле орноткондон бери эки өлкөнүн мамилеси азыркыдай болгон эмес:

-Азыр Кытай менен Жапониянын алакасында олуттуу кыйынчылыктар бар. Бул - өз ара мамилелерде 1972-жылдан берки өтө татаал баскыч.


Жапония кытайлык демонстранттар алардын Пекиндеги элчилигинин имаратынын айнектерин талкалаганы үчүн компенсация төлөнүүсүн жана кытай бийликтери расмий кечирим суроосун талап кылууда. Кытай болсо кечирим суроо жөнүндөгү талапты четке какты.

Кытайдагы нааразылык акцияларына Жапонияда жаңы тарых китебинин жарык көрүшү түрткү болду. Демонстранттардын айтымында, ал китепте жапон армиясынын Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Кытайда жасаган мыкаачылыктары жымсалданып берилген. Алар ошондой эле БУУнун Коопсуздук кеңешинде Жапониянын туруктуу орун алышына да каршы болуп жатышат.

XS
SM
MD
LG