БИШКЕК. 19-апрелде Биринчи Май райондук соту №44-Алай шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан Абдыганы Эркебаевдин арызын карай баштады. Өз арызында Эркебаев Борбордук шайлоо комиссиясынын Марат Султановду Алай шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты деп табуу тууралуу чечимин жокко чыгарууну талап кылууда. 13-мартта өткөн парламенттик шайлоонун экинчи турунда Эркебаев 2миңге чукул добуш менен алдыга чыккан. Бирок соттук териштирүүлөрдө Марат Султанов жеңүүчү деп табылып, Борбордук шайлоо комиссиясы ага депутаттык мандат тапшырган.