Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Жарандык коом конституциялык кеңешмеге өз өкүлдөрүн сунуш кылды


БИШКЕК. Кыргызстандын жаңы Конституциясын даярдоо үчүн конституциялык кеңешме ишин 3-4-майда баштоосу керек. Мындай сунушту 19-апрелде бир катар бейөкмөт уюмдар жарандык коомдун жалпы улуттук форумунда билдиришти. Алар бул сунушту 20-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевге жолдоп, чечим кабыл алууну өтүнүшөт. Ал эми конституциялык кеңешмеде иштөө үчүн бейөкмөт уюмдар өзүлөрүнүн 12 өкүлүн тандады. Алардын арасында бейөкмөт уюмдар коалициясынын президенти Эдил Байсалов, «Жарандык коом коррупцияга каршы» укук коргоо борборунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу Турсунбек Акун, «Журналист» коомдук бирикмесининин жетекчиси Кубан Мамбеталиев жана Кыргызстандын юристтер ассоциациясынын президенти Шамарал Майчиев бар.

XS
SM
MD
LG