Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

Aялдар күчүн бириктирүүдө


БИШКЕК. Кыргызстанда аялдар маселеси боюнча иш алып барган уюмдардын коомдук кеңеши түзүлдү. Ал аялдар уюмдарынын 18-апрелде өткөн улуттук форумунда түзүлүп, төрагалыгына экс-депутат Токтокан Боромбаева шайланды. Коомдук кеңеш 19-апрелде өкмөткө жана парламентке кайрылуу жолдоп, анда мурунку бийликтин аялдар менен эркектердин тең укуктуулугун камсыз кылууга багытталган саясатына ооз көптүрмө натыйжасыз саясат болду деп баа берилди. Анын натыйжасында аялдар мамлекеттик социалдык камкордуктан сыртта калып, мамлекеттик башкарууда патриархалдык нормалардын бекемделгендиги айтылат. Ушундан улам коомдук кеңеш бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, парламенттеги, сот системасындагы эркектердин саны 60-70% ашпасын деген чек коюуну бийликтен талап кылды.

XS
SM
MD
LG