Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

ЕККУ төрагасы Тажикстанда болду


Словениянын тышкы иштер министри Димитрий Рупел тажик президенти Эмомали Рахмонов менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөр аяктаган соң Рупел Тажикстандын чек араларын миналардан тазалоо проблемасы негизги тема болгондугун кабарлады. Рупел бул долбоорго ЕККУ катыша тургандыгын ырастады. Былтыр Өзбекстан эки өлкөнүн чек ара тоомдорун көмүлгөн миналардан тазалоо ишин баштоого даяр экенин бышыктаган эле. Рупел эртең Түркмөнстанда болот жана өзүнүн региондогу сапарын аяктайт.

XS
SM
MD
LG