Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:02

Германиялык кардинал Йозеф Ратцингер Рим-католик чиркөөсүнүн жаңы башчысы


Жаңы Папа өзүнө Бедедикт 16 деген ысым алды. Кечээ Ватикандын Сиксине ибадатканасынан жаңы Папанын шайланганын билдирип, ак түтүн чыккандан кийин, чилилик диниятчы Медина Эстевес мындай жарыя жасады:

– Мен баарыңыздарга кубанычтуу чоң окуяны жарыя кылам. Биз Папалуу болдук. Ыйык Рим-католик чиркөөсүнүн (жаңы шайланган) Папасы, азирети Йозеф, кардинал Ратцингер абдан көрүнүктүү жана урматтуу диниятчы. Ал Бенедикт 16-чы деген ысымды алды.

78-жаштагы жаңы Папа өз диндештерине италия тилинде кайрылды:


– Урматтуу ага-инилер жана эжелер, улуу Папа Иоан Павел 2-чиден кийин кардиналдар (анын ордуна) мени- Кудайдын багында мээнеттенген жөнөкөй жана такыба пендени шайлашты.

Мурдакы Папа –польшалык Иоан Павел 2-чи 2-апрелде о дүйнө кеткен.

АКШ президенти Жорж Буш Папа Бенедикт 16-га куттук айтып, кардинал Ратцингерди “өтө акылман жана билимдүү инсан” деп мүнөздөдү.

XS
SM
MD
LG