БИШКЕК. Кыргызстанда тез арада конституциялык реформа жүргүзүлүүгө тийиш. Ал үчүн Конституциялык кеңеш түзүлүшү керек. Мындай сунуш атуулдук коомдун жалпы улуттук форумунун катышуучулары тарабынан айтылды. Жыйында Конституциялык соттун төрайымы Чолпон Баекова 10-июлдагы президенттик шайлоого чейин Конституциялык реформанын негизги өзөк-багыттары жарыяланышы керек деген пикирин билдирди. Форумда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруучу Таштемир Айтбаевдин, Экология жана өзгөчө кырдаалдар министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Темирбек Акматалиевдин кызматтарынан кетишин да талап кылышты. Жыйынга катышкан атуулдук коомдун өкүлдөрү ошондой эле Кыргызтелерадиокорпорациясына коомдук телекөрсөтүү статусун берүү, анын кадрларын алмаштыруу, жер участкаларын берүүгө президенттик шайлоого чейин мораторий жарыялоо, турак-жайга өтө муктаж атуулдарга көп кабаттуу үйлөрдү куруу сунуштарын өкмөткө жолдошту.