БИШКЕК. 1-майга чейин мамлекеттик кызматкерлер жана алардын жакын туугандары өздөрүнүн кирешелери, мүлкү тууралуу декларация толтуруп, тапшырууга тийиш. Мындай маалыматты Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик 20-апрелде таратты. Маалыматта көрсөтүлгөндөй мамлекеттик кызматтагы жетекчилер, алардын орун басарлары, бөлүм башчылар, соттор, губернаторлор, район акимдери жана алардын орун басарлары Бишкек, Ош шаар башчылары да киреше, мүлкү тууралуу декларация толтурушат. Аталган агенттик мамлекеттик кызматтарда иштеген 700дөн ашуун адамдын жана алардын жакын туугандарынын киреше мүлкүн текшерүүдөн өткөрөт. Декларация боюнча мыйзамга ылайык 2004-2005-жылдары кызматтан бошотулган саясий жана мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген жетекчилер да киреше, мүлкү тууралуу маалымат берүүгө тийиш.