Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:37

Кытайдын өкмөтү калкка кайрылып, антияпондук митингдерди токтотууга үндөдү


БЭЖИН. Кытайдын өкмөтү калкка кайрылып, үч жумадан бери уланып жаткан антияпондук митиндерди токтотууга үндөдү. Кытайдын тышкы иштер министри Ли Чаодзинь демонстрацияларды өткөрүүгө эч ким уруксаат берген эмес, деп билдирди. Бирок ошону менен бирге эле Кытай митингдер учурунда япон ишканалары талкаланганы үчүн кечирим сурагандан баш тартууда. Анын айтымында, демонстрацияга Токионун саясаты тамызгы болгон. Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Кытай менен Японияны эки ортодогу жаңжалды сүйлөшүү жолу менен жөнгө салууга үндөдү. Эки өлкөнүн жетекчилери Азия жана Африка өлкөлөрүнүн Жакартадагы саммитинин учурунда жолугушуусу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG