Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:48

Иракта 50 барымта туткунунун сөөктөрү табылды


БАГДАД. Ирактын президенти Жалал Талабани ушул жуманын башында Багдаддан 40 чакырым жердеги Сувайрах деген жерде барымта туткундарынын сөөктөрү деп божомолдонгон 50дөй өлүк табылганын билдирди. Президенттин айтымында, террористтер барымтага алынган адамдарды өлтүрүп, өлүктөрүн ыргытып ийишкен.
Өткөн жумада шии бийлик өкүлдөрү сунни согушкерлерин Мадаин деген шаарда 100дөй кишини барымтага кармап кетишкен эле. Ирактын коопсуздук күчтөрү барымта туткундарын бошотуу максаты менен рейд жасаган, бирок шаардан туткундардын изи табылган эмес.

XS
SM
MD
LG