Африканын Замбия мамлекетиндеги жез шахтасында кечээ күнү жарылуу болгондон, расми маалыматтар боюнча, 46 адам набыт кетти. Өкмөттүн айтымында, шахта жанындагы ишканалардын баары кыйрады, төрт адамдын дайны эмгиче белгисиз. Шахтаны кытайлык адистер иштетчү.