Түркмөнстанга келген Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы Димитрий Рупел кечээ күнү өлкөдөгү саясий абал тууралуу тынчсыздануусун билдирди. Анын айтымында, өлкө президенти Сапармурад Ниязов 2009-жылы кызматтан кете турганын билдиргени менен, 2008-жылга белгиленген парламенттик жана 2009-жылы өтө турган президенттик шайлоого өлкөдө эч кандай даярдыктар баштала элек. Андан тышкары Рупел - өлкөнүн өкмөттүк эмес тармагын өнүктүрүүгө түркмөн жетекчилиги азыртан чара көрүүгө тийиш деп билдирди.