Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:07

Италия премьер-министри кызматынан чегиниши мүмкүн


Италиянын премьер-министри Силвио Берлускони кечээ күнү кызматтан чегине турганын билдирди, бирок президент Карло Чиампи аны шарттуу түрдө гана кабыл алды. Президент менен жолуккандан кийин Берлускони журналисттер менен кездешип, жаңы коалиция түзүүгө аракеттене турганын билдирди:

-Азыркы өкмөттү түзгөн альянска кирген бардык саясий күчтөр премьерге кайрылып, ишеним көрсөттү жана жаңы өкмөт түзүүнү суранды. Мен ага макул болдум жана эми өлкө алдында пайда болгон жаңы маселелерди чечүүгө жөндөмдүү өкмөт түзүүгө аракеттенем, - деди Берлускони.

Мындан эки апта мурда болуп өткөн жергиликтүү шайлоодо өкмөттүк коалиция утулганы менен байланыштуу, аны түзгөн коалициядан өткөн жума күнү Христиан-демократтар бирикмеси чыгып кеткендиктен өкмөттүк кризис пайда болгон.

XS
SM
MD
LG