Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:40

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Өзбекстанга иш сапары менен жөнөп кетти


БИШКЕК. Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева 21-апрелде Өзбекстанга жумушчу иш сапары менен барды. Ушул эле күнү ал Өзбекстандын тышкы иштер министри менен жолугушту. 22-апрелде ал Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиеев менен жолугушат. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, жолугушуу учурунда чек-ара, соода-экономикалык, газ жана башка маселелер боюнча сүйлөшүү болот. Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучунун Өзбекстанга болгон иш сапары 23 апрелде соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG