Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:22

Жаңы бийлик айлык акыны жогорулатууну убада кылууда


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылы бюджеттик мекемелерде иштеген атуулдардын маянасы жогорулатылат. Анткени 2005-жылдагы республикалык бюджетке эмгек акы үчүн 2 миллиард сомдон ашуун каражат каралууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Каржы министрлиги тараткан маалыматта айтылат. Буга чейин вице-премьер-минстр Данияр Үсөнов Аскар Акаевдин мезгилинде жең ичинен кимдир-бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кеткен каражаттар табылгандыгын айтып, 2005-жылдагы республикалык бюджет 5 миллиард сомго көбөйтүлөөрүн маалымдаган. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары 21-апрелдеги отурумунда Данияр Үсөновдун жогорудагыдай билдирүүсүн «ишке ашпай турган популисттик билдирүү» деп сынга алышты.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG