Кечээ күнү Вильнюс шаарында НАТО уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин саммити болуп өттү жана ага катышкан АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жыйындан кийин атайын билдирүү жасап, Европада жалгыз калган диктаторлук өлкө Беларуста эмдиги жылы эркин шайлоо өткөрүлүүгө тийиш деп жарыялады. Бирок, анын айтымында, Вашингтон ал жараянга кийлигишпейт: "Эркиндикке кантип жетиш керек экенине үйрөтүү - Америка кошмо штаттарынын иши эмес, аны эл өзү чечүүгө тийиш. Беларустагы өзгөрүүлөрдү кандай эң жакшы ыкма менен ишке ашыруу керек экенин билген адамдар ал жерде бар", - деди Райс айым. Вильнюста америкалык мамлекеттик катчы беларус оппозициялык саясатчылары менен жолукту жана жолугушуудан кийин алар үстүбүздөгү жылдын аягында Беларуста элдик демонстрацияларды өткөрүү планын жарыялады.