Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Япония Кытайдан кечирим сурады


Дүйнөлүк экинчи согуш маалында көп өлкөлөргө, айрыкча азиялык бир катар элдерге япон империализми чоң зыян келтирип, эпсиз жабыр көрсөткөнүн моюнга алып, премьер Дюзнитиро Коидзуми Токио өкмөтү милитаристтик саясаттан биротоло баш тартканын, талаштуу бардык маселелерди өңчөй дипломатиялык жол менен чечүү жолуна түшкөнүн белгиледи. Кытайдын тышкы иштер министри Лю Чжаоциндин айтымында, Япония тарыхтын көзүнө тике карап, эрдигин жана калыстыгын көрсөтүшү керек. Коидзуми Азия-Африка саммитинде Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао менен жолугушмакчы. Японияда жарык көргөн тарых окуулугунан улам Кытайда массалык демонстрациялар болуп өткөн эле.

XS
SM
MD
LG