БАТКЕН. Облустук аикмчиликтин укук коргоо жана коргонуу бөлмүнүн башчысы Таштемир Эшалиевдин билдиргенине караганда, комиссия мүчөлөрү акыркы эки күндөн бери кыргыз-тажик чегиндеги бул аймактын жашоочулары менен жолугушуп, маселени иликтөөдө. Азырынча Аксы айыл өкмөтүнө караштуу Кара деген аймакта тажик атуулдары бир гектардай жерди өз алдынча ээлешип, бак-дарактардын көчөттөрүн тигип алышканы, Чекдөбө деген жерди да ээлеп алууга аракеттер жасалганы аныкталды. Маселе толук иликтенип бүткөн соң, тажик тарап менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Бул аймакта өткөн жылда тажик атуулдары ушундай эле аракет жасашып, бир канча гектар аймакка бак-дарактардын көчөттөрүн тигип алышкан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тигилген көчөттөр кайра жулдурулуп, тараптар чекараны тактоо иштери бүтмөйүнчө кыргыз-тажик чегиндеги бул аймакты өздөштүрбөй турууга макулдашышкан эле.