Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Парламент лингвистикалык комиссиянын тутумун жактырган жок


БИШКЕК. Жогорку Кеңеш 22-апрелде президенттик шайлоодо талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүүчү лингвистикалык комиссиянын тутумун бекиткен жок. Айрым депутаттар комиссиянын тутумуна чыныгы илимпоз тилчилер эмес, азыркы бийлик башында турган премьер-министрди мактаган жазуучулар кириптир деп чыгышты. Комиссиянын бекитилбешине ага депутаттардын киргизилбей калгандыгы да себеп болду. Андан тышкары айрым депутаттар Шайлоо кодексинен тилди билүүнү текшерүүгө негиз берген 61-беренени биротоло алып таштоону да сунуш кылышты. Талаш-тартыштан кийин депутаттар комиссиянын тутумун дүйшөмбү күнү өзгөртүп, бекитүү бүтүмүнө келишти.

XS
SM
MD
LG