Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Шайлоочулар Жогорку Сотко кирип барышты


БИШКЕК. 22-апрелде түштөн кийин №59 Чүй шайлоо округу боюнча талапкер болгон Туратбек Андашев менен №21 Токтогул шайлоо округунан талапкер болгон Токтосун Мадияровдун жактоочуларынын 30га чукул өкүлү Жогорку Соттун имаратына кирип барышты. Алар менен сот төрагасынын орун басары Жеңиш Досматов сүйлөшүү жүргүздү. Бирок, алар Жогорку Сот менен Борбордук Шайлоо комиссиясы таратылсын жана аталган шайлоо округдарында кайра шайлоо өткөрүлсүн деген талап коюшуп, имараттан чыкпай тургандыктарын билдиришти. Ага чейин эле соттун мүчөлөрү имараттан чыгып кетишип, иш бөлмөлөр жабылды. Сот имаратынын алдында турган атуулдар да сот өз талапкерлеринин кызыкчылыгын канааттандырган чечим кабыл албаса сотту иштетпей тургандыктарын жарыя кылышты. Ал эми Жогорку Сот төрагасы Курманбек Осмонов эки күндөн бери ооруканада. Жогорку Соттун имаратынын алдына чогулган элдин арасында Тайырбек Сарпашевдин да жактоочулары бар.

XS
SM
MD
LG