Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Кишиневдо ГУУАМ уюмунун саммити аяктады


Кечээ күнү Кишинев шаарында өткөн ГУУАМ уюмунун саммитинде ага мүчө беш мамлекеттин төртөө - Азербайжан, Грузия, Молдова менен Украина - жаңы уюм түзгөнү тууралуу жарыялады жана ал уюм өзүнө Батыш менен кызматташууну кеңейтүүнү максат катары коюуда. ГУУАМга Өзбекстан дагы кирет, бирок анын өкүлдөрү жыйынга келген жок. Саммитке Литва менен Румынияын өкүлдөрү байкоочу катары катышты. Алар да саммит катышуучуларынын Грузия жана башка мурдагы советтик жумурияттардан орус аскерлеринин чыгарылып кетишин талап кылган резолюцияга кол койду. "Орусиянын аскерий базаларынын Грузияда калышы өлкө элинин эркине каршы келет жана Грузия элинин да кызыкчылыгына жатпайт, Грузия менен Орусия ортосундагы мамилелердин да жакшыртпайт, аймактык коопсуздукту күчөтүү максатына да иштебейт", - деди Грузия президенти Михаил Саакашвили. Анын айтымында, келерки демократиялык революция Беларуста болот.

XS
SM
MD
LG