Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Орус президенти Ирандын өзөктүк технологияларын чектөөгө каршы


Эмки аптада Израилге сапарга бараар алдында орус президенти Владимир Путин кечээ күнү Маскөөдө жөөт сыналгысына интервью берип, Ирандын өзөктүк программаларын коргоду. "Орусия жөн гана Ирандын өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүүгө жардамдашкан жок. Биз өзөктүк кубатты тынчтык максатында пайдалануу үстүндө иштеп жатабыз жана Иран алдыңкы технологияга ээ болуу мүмкүнчүлүгүнөн чектелбеш керек", - деди Путин. Орус президентинин айтымында, бул маселе боюнча Иранга басым жасоодон терс жыйынтык чыгышы мүмкүн. Израил менен АКШ Иран өзөктүк курал өндүрүүнү жашыруун жасоого кызыкдар деген пикирде.

XS
SM
MD
LG