Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Өкмөттүк кеңешме өтөт


БИШКЕК. Өзбекстандан Кыргызстанга көгүлтүр газ берилиши боюнча, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы суу-энергетика маселелери боюнча май айында өкмөт деңгээлинде эки тараптуу эксперттик кеңешмелер болот. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрини милдетерин аткаруучу Роза Отунбаеванын 21-23-апрель күндөрү Өзбестанга болгон иш-сапары учурунда сүйлөшүлдү. Мындай маалыматты 23-апрелде Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин пресс-атташеси Айдай Өмүркулова «Азаттык» радиосуна билдирди. Өзбекстан Кыргызстанга көгүлтүр газ берүүнү өткөн жылдын апрель айында токтоткон. Бирок, Кыргызстан Өзбекстанга газ үчүн болгон карызын негизинен төлөп бүткөн. Өткөн аптада Кыргызстандын вице-премьер-министринин милдетин аткаруучу Данияр Усөнөв билдиргендей, буга чейин Николай Танаев жетектеген кыргыз өкмөтү өзбек тарапка Кыргызстанга газды швейцариялык кампания аркылуу сатууну сунуштаган. Ошондуктан, өзбек өкмөтү Кыргызстанга газ берүүнү токтоткон. Роза Отунбаева Ташкенге болгон иш сапарынын учурунда Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзоев, тышкы иштер министри Эльяр Ганиев менен жолугушту. Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин, эки тараптуу саясий- экономикалык кызматташтыкты жакшыртуунун жолдорун талкуулашты.

XS
SM
MD
LG