Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Бүгүн Эгей деңизинде түрк жана грек чек ара кароолунун ортосунда кагылышуу чыгып кете жаздады


СТАМБУЛ. Бүгүн Эгей деңизинде Түркия менен Грециянын чек ара кароолунун ортосунда кагылышуу чыгып кете жаздады. Эки өлкөнүн ортосундагы талаш аралга грек балыкчыларынын кемеси жакындап келгенин көргөн түрк чек арачылары эскертүүчү ок чыгарышкан. Аралга аткылоону уккан грек чек арачылары бат эле жетип келишкен. Бирок эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда ок атышуу болгон жок, капитандар аралдын жээгине келген кемелерди бир эле убакта алып кетүүгө макулдашышкан. Греция менен Түркия экөө тең НАТОнун мүчөлөрү.

XS
SM
MD
LG