БАГДАД. Бүгүн Ирактын ар кайсы аймактарында жасалган кол кол салуулардан жоон топ киши набыт кетип, дагы бир тобу жарадар болду. Багдаддын чет жакасында жолго орнотулган бомба жарылып, андан бери дегенде 8 аскер курман болуп, 20 чактысы жаракат алды. Жолго орнотулган бомбадан Самарра шаарында бир жөнөкөй киши курман болду, Мосулда үч киши, ал эми Багададда эки полицист жараат алышты. Басрада мечиттин жанында жан кечтинин бомбасынан эки киши жаракат алды. Кечээ Багдадда шиилердин мечитинин жанында жардырылган бомбадан бери дегенде 9 киши мерт болгон. Ирактын лидерлери жаңы өкмөттү түзүүгө аракеттенип жаткан азыркы чакта ар түрдүү кол салуулар өлкө бою күч алгандыгы маалымдалат.
Бүгүн Иракта жасалган кол салуулардан бир топ киши курман болуп, жоон топ адам жаракат алды