Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Аба ырайы


БИШКЕК. Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, 25-апрелде Кыргызстандын айрым аймактарында күн күркүрөп, кыска мөөнөттө жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге ал эми Ысыккөл акваториясында 10-14 метрге чейин жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
Талас облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +19...+24 градус жылуу.
Жалалабат, Баткен, Ош чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +22...+27 градус.
Ысыккөл аймагы боюнча абанын температурасы түнкүсүн +5...+10, күндүз +15...+20 градус.
Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25.
Нарында түнкүсүн 0...+5 градус, күндүз +15...+20 градус жылуу болот.
Борборубуз Бишкекте күн бүркөлүп ачылып турат. Абанын температурасы түнкүсүн +6...+8, күндүз +22...+24 градус жылуу болушу күтүлөт.
Күндүн узактыгы 13 саат, 50 мүнөт.

Даярдагандар Азиза Турдуева жана облустардагы кабарчылар

XS
SM
MD
LG