БИШКЕК. 24-апрелде Бишкекте Жогорку соттун алдында нааразылык акция улантылды. №59 Чүй округунун шайлоочуларынын бир бөлүгү бул аймактан парламентке талапкерлигин көрсөткөн Айдарбек Керимкулов мыйзам бузуу менен депутат болду деген пикирлерин билдиришүүдө. Алардын айтымында бул округдан биринчи айлампада жеңип чыккан Туратбек Андашев депутаттыкка ат салышуудан мыйзамсыз алынып салынган. Ал эми депутат Айдарбек Керимкулов Чүй округунда шайлоо ачык-айкын, мыйзам чегинде өткөндүгү тууралуу айтып келет. Пикетте турган №21 Токтогул шайлоо округунун шайлоочулар тобу болсо, бул аймактан Жогорку Кеңешке шайланган Тайырбек Сарпашевди депутаттык мандаттан ажыратууну талап кылышууда. Алар билдиргендей, Сарпашев добуштарды сатып алуу, Шайлоо кодексин бузуу менен депутаттыка өткөн. Бирок Тайырбек Сарпшаев мындай пикирлерди четке кагууда.