БИШКЕК. «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов Кыргызстандын президентинин милдеттерин убактылуу аткаруучу, премьер-министр Курманбек Бакиевге 10-июлдагы президенттик шайлоодо өз талапкерлигин көрсөтө тургандыгы жөнүндө маалымдады. Бул тууралуу Бакиев 24-апрелде кыргыз улуттук телекөрсөтүү аркылуу түз эфирде телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Премьер-министрдин айтымында, алар президенттик шайлоодо добуштарды сатып алуу, акча таратуу сыяктуу мыйзамсыз иштерге барбай, таза күрөшүп, жеңилип калган талапкер элди көчөгө алып чыкпайт деп жигитче сүйлөшүштү. Бакиев билдиргендей, 1-майга чейин кыргыз өкмөтү өлкөнү саясий, экономикалык, социалдык жактан өнүктүрүү боюнча программасын жарыялайт. Бакиев Кыргызстанда экономикалык өсүү, туруктуулук болушуна ишенээрин билдирди. Ал маалымдагандай, мурдагы көмүскө экономиканы ачык экономикага буруу жана башка жолдор менен өлкө бюджетинин көлөмүн кескин жогорулатууга мүмкүнчүлүк бар. Премьер-министрдин пикиринде, Кыргызстандын Конституциясына кандай өзгөртүүлөр болбосун, элдин чечими, анын катышуусу менен киргизилиши керек.