Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:09

Бакиевди президенттикке студенттер көрсөтүштү


ОШ. 25-апрелде Ошто окуу жайдын окутуучулар жамааты жана студенттер катышкан жыйында ушул жылдын 10-июлуна дайындалган президенттик шайлоого талапкер катары Курманбек Бакиев бир добуштан көрсөтүлдү. Ош мамлекеттик университетинин биринчи проректору Ташмамбет Кененсариев Курманбек Бакиевдин өлкөнүн прогрессивдүү күчтөрүнүн башын бириктире ала турган лидерлик сапаттарына токтолуу менен, келе жаткан шайлоодо анын талапкерлигин университеттин эмгек жамааты колдоп чыга тургандыгын белгиледи. Ал эми аталган окуу жайдын жаштар комитетинин төрагасы Алайбек Алымбаев “Шайлоо кодексинин» талаптарына ылайык Бакиевдин талапкерлигин колдоо боюнча акцияларды уюштурууга даярданып жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG