Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:57

«Тегерек үстөл» тараптарды ынтымакка чакырды


БИШКЕК. 25-апрелде Бишкекте «Кыргызстанда жарандык ынтымакты, социалдык-саясий стабилдүүлүктү бекемдөө, коопсуздукту камсыздоо» деп аталган «тегерек үстөл» жыйыны өттү. Анда улуттар аралык карама-каршылыктарды, чыр-чатактарды болтурбоо, стабилдүүлүктү сактоо максатындагы тармактар аралык мамилелерди калыптоо маселеси талкууланып, резолюция кабыл алынды. «Тегерек үстөлдүн» катышуучулары коомдо элди ынтымакка келтирип, март окуясынан кийинки жагдайды оңдоо үчүн бийлик, жарандык коом, саясий күчтөр бири-бирин айыптабай, бардык катачылыктарды моюнга алышы керек, деп билдиришти.

«Тегерек үстөлгө» мамлекеттик катчынын милдетин аткаруучу Дастан Сарыгулов, бир катар коомдук уюмдардын, саясий партиялардын, кыймылдардын өкүлдөрү катышты.

XS
SM
MD
LG