Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Конституциялык кеңешменин курамы бекитилди


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги отурумунда Конституциялык кеңешменин курамы бекитилди. Кеңешмени Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев жетектей турган болду. Кеңешменин курамы 114 адамдан турары аныкталды. Кеңешмеге 37 депутат, аткаруу бийлигинен 10, сот органдарынан 10, ал эми саясий партия, бейөкмөт уюмдардардан 57 адам кире турган болду. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаевдин кеңешменин курамын талкуулап, кийинчерээк бекители деген сунушу колдоо тапкан жок. Төрага Өмүрбек Текебаевдин маалыматына караганда, kеңешменин алгачкы жыйыны 27-апрелде өткөрүлөт. Алар президенттик шайлоого чейин Конституциялык өзгөрүүнүн негиздерин иштеп чыгышып, президент болом деген атуулдарга сунуш кылышат. Ал эми Конституциялык реформа 2005-жылдын октябрь айында өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG