Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:26

Феликс Кулов президенттик шайлоого катышат


БИШКЕК. «Ар намыс» саясий партиясынын башчысы Феликс Кулов президенттик шайлоого бара турган болду. Мындай билдирүүнү саясатчы 25-апрелде «Хаят» мейманканасынын жыйындар залында уюштурган пресс-конференцияда билдирди. Мындай чечимди ал улуттун бүтүндүгүн сактоо, орус тилдүү улуттардын кетишине жол бербөө жана өлкөдө стабилдүүлүктү камсыздоо максаты менен байланыштырды. Ошондой эле Кулов эгер жеңишке жетишсе президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевге премьер-министрликти сунуш кылаарын, ал эми жеңилген шартта эч кандай кызматка көз артпастыгын билдирди.

Бир күн мурун Курманбек Бакиев телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берүү учурунда Кулов менен сүйлөшүү болгондугун, ал Феликс Куловго премьер- министрлик кызматты сунуш кылгандыгын, бирок ал бул кызматтан баш тартып, президенттик шайлоого барарын билдиргендигин белгилеген. Феликс Кулов март окуясынан кийин түрмөдөн чыгып, апрелде Жогорку Сотто биротоло акталган.

XS
SM
MD
LG