Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Италия Аксум эстелигинин акыркы бөлүгүн Эфиопияга жеткирди


Аны тосуп алуу үчүн Адис-Абебадагы аба майданына Эфиопиянын жетекчилери келишти. Аксум колоннасы Эфиопиянын улуттук диний баалуулуктарынын бири. 1937-жылы аны италиялык аскерлер Африкадан Европага алып чыгып кетишкен. БУУнун тарыхый эстеликти Эфиопияга кайтарып берүү чечимине карабай, ал Римде орнотулган. Эми арадан дээрлик 70 жыл өткөндөн кийин монумент мекенине кайтарылды. Оймо-чиймелер менен жасаланган 24 метрлик колонна Аксум шаарынын архитектуралык эстелиги болуп эсептелет. Аксум падышалыгын болсо тарыхчылар байыркы дүйнөнүн эң таасирдүү мамлекеттеринин бири катары атап жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG