БИШКЕК. Өзбекстандагы кыргыздар Кыргызстандагы акыркы окуяларга байланыштуу билдирүү таратты. Анда социалдык-экономикалык кыйын абалга көптөн бери чыдап жүрүп, акыры ыңкылап жасоого барган кыргыз элин колдой тургандыгы айтылат. Акыркы окуяларга кылдаттык менен көз салып жаткандыгын баса белгилеген кайрылуу ээлери ыңкылаптан кийин түзүлгөн кыйын кырдаалдан кыргыз эли ишенимдүү чыгып кетээрине жана демократиялуу укуктук мамлекетти курууга Кыргызстандын азыркы өкмөтү болгон аракетин жумшайт, деп ишенгендигин билдиришкен.