Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:04

«Мээрим» фондунун үстүнөн кылмыш иши козголду


«Мээрим» фондунун үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров 26-апрелде билдирди. Анын айтымында, кылмыш иши атуулдардын жана ишкерлердин арызынын негизинде козголду. Ал эми мурунку президент Аскар Акаевдин финансы маселеси боюнча өз колу менен жазган кагаздары сот учурунда далил катары көрсөтүлөт, деп белгиледи Азимбек Бекназаров. Жогорку Кеңештин депутаты Муратбек Мукашев башкы прокурордун коррупцияга каршы күрөшүн жогору баалап, Улуттук банктын операцияларына, бюджеттик каражаттарды пайдаланууга, коңшу мамлекеттерден көмүр, газ сатып алуудагы эсептешүүлөргө көңүл бурууга чакырды. Депутат ошондой эле Башкы прокурор тарабынан Акаевдин тизмесиндеги 102 кишинин аты-жөнүнүн толук жарыяланышын колдоду.

XS
SM
MD
LG