Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:49

Эксперттер кыргыз-өзбек чек арасын тактоого киришти


ЖАЛАЛАБАТ. Мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча Кыргызстандык топту өкмөт аппаратынын регионалдык проблемалар боюнча бөлүм башчысы Саламат Аламанов, Өзбекстан тараптыкын Өзбекстандын жер кадастры боюнча мамлекеттик комитетинин башкы башкармасынын орунбасары Юрий Тен баштап келди. Саламат Аламановдун ырасташынча, төрт күндүк жыйында эки өлкөнүн алты облусундагы такталуучу жерлер каралат. Паритеттик комиссиялардын буга чейинки 40 отурумунда кыргыз-өзбек чек арасына тиешелүү миң чакырым жер аныкталган, дагы 300 чакырым жерди тактоо милдети турат. Жолугушууда губернатордун биринчи орунбасары Жаныш Курбанов чек ара маселеси эки элдин ынтымагын ширете турган маселе болуу керектигин эске салды. Тышкы иштер министрлигинин түштүктөгү өкүлү Бектур Адановдун билдирүүсү боюнча, тараптар Жалалабат жана Наманган облустарынын ортосундагы так эмес жерлерди териштирүүдө.

XS
SM
MD
LG