Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:54

К.Садиевди иштен алуу талабы коюлду


БИШКЕК. Кыргызстандын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиевге чек ара кызматынын төрагасы Калмурат Садиевди кызматтан алуу сунушу менен кайрылды. Бекназаров бул тууралуу 26-апрелде Жогорку Кеңеште билдирди. Анын айтымында, Калмурат Садиев 24-мартта экс-президент Аскар Акаевди коштоп кеткен бойдон азыр кайда экени белгисиз. Ошондуктан, ал буга чейин да мамлекеттик чек ара коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Садиевди кызматтан алып, анын ордуна кесипкөй адамды дайындоо сунушу менен өкмөт башчыга оозеки кайрылган. Азимбек Бекназаровдун маалыматы боюнча, Калмурат Садиев азыр иликтенип жаткан бир нече кылмыш ишине катышы бар дегендердин тизмесинде бар. Ал эми чек ара кызматынын басма сөз кызматкери Гүлмира Бөрүбаева К.Садиев 24-марттан бери өлкө чегинен чыкпагандыгын жана өз ишин аткарып жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG