Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун жетекчилери жолугушту


БАТКЕН. Анда Баткендин кыргыз-тажик чегиндеги Аксай айыл өкмөтүнө тиешелүү жерлерди тажик атуулдарынын мыйзамсыз ээлеп алуу аракеттери талкууланды. Кошуна райондун жетекчилери маселе менен жеринде таанышып, талаштуу деп эсептелип жаткан бул аймакта чек араны тактоо иштери бүтмөйүнчө өз алдынча жер өздөштүрүү жана курулуш иштерин жүргүзүүнү эки тарап тең токтотуу тууралуу макулдашты. Баткен облустук бийлиги тарабынан түзүлгөн комиссия буга дейре аталган айыл өкмөткө караштуу Кара деген аймакта тажик атуулдары бир гектар жерди өз алдынча ээлешип, бак-дарактардын көчөттөрүн тигип алышканын, Чекдөбө деген жерде Кыргызстан аймагына жети метрдей кирип 150 метрдей узундуктагы дубал курушканын аныкташкан. Жолугушууда тажик тарап тигилген көчөттөрдү кайра жулдурууга жана дубалды буздурууга убада беришти. Бул аймакта тажик атуулдары өткөн жылы да 27 гектар жерге бак-дарактардын көчөттөрүн тигип алышкан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында тигилген көчөттөр кайра жулдурулуп, тараптар ошондо да чек ара такталмайынча бул аймакты өздөштүрбөй турууга макулдашкан эле.

XS
SM
MD
LG