Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:42

Минскте шейшемби күнкү митингге катышкан бир топ киши камак жазасына тартылды


МИНСК. Минск шаарында шейшемби күнү болгон санкцияланбаган митингде 30дан ашык адам камакка алынып, алардын бир тобу сот тарабынан административдик жоопко тартылды. Беларустун укук органдарынын билдиргенине караганда, кармалгандардын арасында Беларустун 13 жараны, Россиянын 14 жана Украинанын 5 жараны бар. Кармалгандардын арасында Россиянын "Яблоко" жана "СПС" партияларынын жаш мүчөлөрү жана журналисттер бар экени маалымдалат. Демонстранттар беларус бийликтеринин Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жойуудагы саясатына жана адам укуктарынын бузулуп жатканына нааразылык билдиришкен.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG