ТУЛУЗА. Франциянын Тулуза шаарында дүйнөдөгү эң чоң жүргүнчү ташуучу учактын алгачкы сыноосу ийгиликтүү өткөрүлдү. Эмдиги жылы пайдаланууга бериле турган учак бир нече ай бою сыноодон өткөрүлөт. А-380 үлгүсүндөгү учакка бир эле маалда 853 жүргүнчү батат. Аба унаасы АКШнын Боинг үлгүсүндөгү учактар менен атаандашмакчы. Боинг негизинен көлөмү боюнча чаканараак, алыска учуучу учактарды чыгарууга адистешкен.