БИШКЕК. Кыргызстандагы «Курулуш-2010» коомдук фонду жана Кытайдагы «Хуа Да Ли» курулуш кампаниясы жакынкы 5-10 жылдын ичинде 100 миң батирге эсептелген көп кабаттуу үйлөрдү курууга даяр. Бул кампания азыр Кыргызстандагы курулуш иштерине 3 млн АКШ долларын инвестиция иретинде жумшоого даяр. Бирок, ал үчүн кыргыз өкмөтү ипотекалык кредиттөөнү колдоосу шарт. Бул тууралуу 27-апрелде «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Курулуш-2010» коомдук фондунун президенти Эркиндик Токтобаев билдирди. Анын пикиринде, көп кабаттуу үйлөрдү салуу үчүн өлкөдө курулуш материалдары арзан болушу керек.