Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:56

Мектептерде христиан дини боюнча усулдук китептердин таркатылышына байланыштуу нааразылык акция болду


БИШКЕК. 27-апрелде Билим берүү министрлигинин алдына “Акыл-эс, рух жана ыйман республикалык коомунун” жана коомчулуктун 100 жакын өкүлү пикетке чыгышты. Алар Билим берүү министринин орун басары Гайша Ибраимованы жана министрликтин айрым кызматкерлерин кызматтан кетирүү талаптарын коюшту.
Нааразылык билдиргендерге Билим берүү министри Досбол Нур уулу Гайша Ибраимованы ээлеген кызматынан бошотулгандыгы тууралуу буйрукту окуп берди. Наарзылык акциясын уюштуруучулардын бири “Акыл-эс, рух жана ыйман” республикалык коомунун жетекчиси Дүйшөн ажынын айтымында, Гайша Ибраимованын жетекчилиги менен “Машайыкчылык этиканын негиздери”, “Не просто плотник”, “Путь к новой жизни” деген аталыштагы христиан дини боюнча окуу китептер тууралуу Токмок шаарында семинар өткөрүлүп усулдук колдонмо катарында мектептерге таркатылган. Ал эми Борис Шапиронун “Жашоонун сергек мүнөзү” аттуу китеби Гайша Ибраимованын көмөгү менен 85 миң нускада чыгарылган. “Ибраимованын жетекчилигинде институт, бала бакча, орто мектептерде христиандык сектанттык негизде окуулар өткөрүлүүдө”, дейт Дүйшөн ажы.

XS
SM
MD
LG