Иерусалимге Владимир Путин кечээ кечинде келди. Бүгүн Израилдин президенти Моше Кацав жана премьер-министр Ариэл Шарон менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Тараптар бир катар маселелерди, алардын ичинде жөөт-палестин жаңжалын жөнгө салуу жолдорун талкуулашат. Мындан тышкары Сирияга сатылганы жаткан россиялык ракеталарга, ошондой Ирандын атомдук программасына байланыштууу проблемалар да козголушу ыктымал. Израилден соң Путин Рамаллада палестин лидери Махмуд Аббас менен жолугат.