Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:59

Аба ырайы


БИШКЕК. Гидрометеорологиялык борбордун маалыматы боюнча, 29-апрелде Кыргызстанда аба ырайында өзгөрүүлөр болбойт. Айрым аймактарда абанын температурасы 30 градуска чейин жетет. Жумшак жел жүрөт.

Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +24...+29 градус жылуу.
Талас облусунда түнкүсүн +10...+15, күндүз +23...+28 градус.
Жалалабат, Ош, Баткен чөлкөмдөрүндө түнкүсүн +13...+18, күндүз +25 градустан +30 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.
Ал эми Нарын жана Ысыккөл аймактарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +21...+26 градус жылуу болот.
Бишкек шаары боюнча абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +27...+29 градус.

Даярдагандар Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустагы кабарчылар

XS
SM
MD
LG