Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:49

«Бакай» банкынын Ош шаарындагы бөлүмүн карактоо аракети жасалды


ОШ. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыковдон алынган маалыматка караганда, болжол менен эртең мененки саат тогуздан өтүп калганда Ош шаарындагы “Бакай” банкынын Айтиев көчөсүндө жайгашкан бөлүмчөсүнө бет кап кийип алышкан куралчан эки кылмышкер кирип келип, банктын жана күзөт бөлүмүнүн кызматкерлеринен кассадагы болгон акчанын баарын берүүнү талап кылышкан. Кассаны ачтыруу жана акчаны алууга аракеттенүү учурунда милициянын атайын даярдыктан өткөн кармоо тобунун жетип келип калгандыгын байкап калган кылмыштуу топ белгисиз багытты көздөй качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Гүланжан Анарбаев кылмыштуу топ акчаны карактоого үлгүрбөй калгандыгын айтуу менен аталган банктын жана күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери жабыр тартпагандыгын билдирди. Болуп өткөн окуя боюнча кылмыш иши ачылып, банкты карактоого аракеттенген белгисиз кылмыштуу топту кармоо боюнча оперативдүү иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG