БИШКЕК. Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиевдин жардыгы менен Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев жана Чек ара кызматынын башчысы Калмурат Садиев ээлеген кызматтарынан бошотулду. Курманбек Бакиевдин дагы бир жардыгы менен Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министри болуп Жаныш Рустанбеков, ал эми Чек-ара кызмат жетекчилигине Мырзакан Субанов дайындалышты.