БИШКЕК. АКШнын өкмөтү Кыргызстанга жалпы суммасы 3 миллион доллардык медициналык жардам берди. Анын ичинде медициналык дары-дармектер, оорулууларды операция жасоо жана айыктырууда колдонулуучу ар кандай техникалык жабдуулар бар. Гуманитардык жардам 28-апрелде самолет менен «Манас» аэропортуна жеткирилди. АКШ өкмөтү берген мындай жардам Кошмо Штаттарынын Кыргызстанда иш жүргүзгөн «СИТИ Хоуп» деп аталган кайрымдуулук уюму тарабынан өлкөнүн бардык дубандарындагы ооруканаларга тең бөлүштүрүлөт жана анын кандай максатта колдонулары көзөмөлдөнөт. Аталган уюмдун өкүлү Тамара Моордун айтымына караганда, АКШ өкмөтү мындай жардамды Кыргызстандагы демократиялык реформаларды колдоо максатында берди.