Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:24

Италия чалгынчынын өлүмүн өз алдынча иликтөөдө

Америкалык жоокер Италиянын чалгындоо кызматынын агентин зарылдыгы жок туруп, атып өлтүргөнү аныкталса, бул окуяны Италия эч качан унутпайт деп билдирди премьер-министр Силвио Берлускони.
Ирактык козголоңчулардын колундагы италиялык журналисти коштоп келкатан Никола Калипари 4-апрелде Багдад аэропортуна кеткен жолдо атып өлтүрүлгөн.
Октон журналист Жулиана Сгрена жана башка агент жарадар болушкан.
Берлускони кырсыкты Италия өз алдынча иликтеп жатканын билдирди.
АКШлык-италиялык топ калабалуу окуяны боюнча өз бүтүмүн жарыялай элек.
Чалгынчынын өлүмү Рим жана Вашингтон арасындагы алаканы бир кыйла осолдотуп койгон.
XS
SM
MD
LG